Кобальт-57 Германия рыногуна чыгат

Кобальт-57 Германия рыногуна чыгат

Немис компаниясы менен ири келишимдердин бири өткөн жылдын аягында түзүлгөн. Келишимге ылайык, кобальт-57 изотопу Европа биримдигинин медициналык борборлоруна жеткирилет. Бул радиофармацевтика деп аталган топко кирет. Кобальт изотопу негизинен томографиялык жабдыктарды орнотууда жана кээ бир ооруларды алдын ала аныктоодо колдонулат. Анын өндүрүш технологиясы мындан 3 жыл мурда өзөктүк физика институтунда ата мекендик адистер тарабынан иштелип чыккан. Изотопторду алуу процесси өтө татаал. Бул үчүн циклотрон деп аталган электрофизикалык аппарат колдонулат. Мындай бөлүм Казакстанда 2016-жылдан бери иштеп келет.

Александр Сильягин, СYCLONE-30 программасынын жетекчиси:

- Бизде эки негизги багытыбыз бар. Алардын бири – радиофармацевтикалык препараттар. Тактап айтканда, фтордезоксиглюкоза–залалдуу шишикти эрте аныктоо үчүн колдонулат. Ошондой эле бул циклотрондо биз байытылган никельди нурлантып, кобальт-57 алабыз. Бул медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл.

Долбоорго Казакстандын илим фонду жигердүү колдоо көрсөттү. Дары-дармек керектөөчүлөргө суюк түрүндө жеткирилет, ал эми жарым ажыроо мезгили 271 күн. Башкача айтканда, өндүрүштөн кийин бир жыл өткөндөн соң, заттын активдүүлүгү эки эсеге азаят. Ошондуктан анын мааниси сандар менен эмес, кобальт-57 тараткан радиациянын деңгээли менен өлчөнөт. Циклон-30 жылына 12 кюриге чейин изотопторду өндүрө алат. Ага жараша миллиондогон киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү бар.

Игорь Горлачев, радиофарм дары-дармектер боюнча өндүрүштүн жетекчиси:

- Бир нече айдан бери буйрутма алдык. Биз азыр бул өнүмдү  даярдап, жакын арада жөнөтүүнү пландап жатабыз. Белгилей кетсек, өнүмдүн бир милликюринин баасы 25 доллар турат. Акыркы 3 жылда жеткирилген кобальт-57ден 14 кюри гана 139 миллион теңгеге жакын киреше алууга мүмкүндүк берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков