Казакстандын аз чалгындалган геологиялык аймактарын изилдөө жүрүшүндө миллиарддаган тонна мунай жана газ табылышы мүмкүн. Мындай божомолду өлкөнүн Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Кен жайларын издөө үчүн министрлик жеке инвестицияларды тартууну сунуштайт. Иштерге аз изилденген аймактарды чалгындоо боюнча жаңы мамлекеттик программа жардам берет. Анда инвесторлорду өз эсебинен жер казынасын изилдөөгө кызыктыруучу механизмдер камтылган. Бул үчүн начар изилденген чөкмө бассейндерге мониторинг жүргүзүүнүн атайын тартибин бекитүү мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, Казакстандын минералдык-чийки зат базасына келечектүү мунай менен газдын 15 чөкмө бассейни кирет. Болжолдуу ресурстары 76 миллиард тоннага жакын. Анын ичинен беш бассейн толук изилденип бүтө элек. Алардын жалпы ресурстук болжолу 4,7 миллиард тоннага жакын. Атап айтканда, булар Түндүк Торгай, Арал, Сырдария, Шу-Сарысу жана Иртыш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков