Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл экспорттук дарамети жогору 110 ата мекендик компания тандалып алынат. Натыйжада, жергиликтүү бизнес өкүлдөрүнө эл аралык соода аянтчалары аркылуу жаңы рынокторду өнүктүрүүдө акысыз жардам көрсөтүлөт. 2023-жылы Казакстанда өндүрүлгөн товарлар үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмеси кыйла кеңейди. Эми ата мекендик өндүрүшчүлөр Орусия, Кытай, Өзбекстан, Азербайжан сыяктуу салттуу өлкөлөр менен бирге Түркия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Вьетнам сыяктуу ири рынокторго өз өнүмдөрүн сунуштай алышат. Белгилей кетсек, өткөн жылы бул программанын катышуучулары 700 миллион долларга товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча узак мөөнөттүү келишимдерди түзгөн. Бүгүнкү күндө алардын өнүмдөрү Орусиянын, Кытайдын жана Борбордук Азиянын ошондой эле Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүнүн рынокторуна ийгиликтүү экспорттолууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков