30га жакын инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат

30га жакын инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат

Түркестан облусунда газ жана күн электр станциялары, көмүр-химия, нефтехимия жана күкүрт кислотасы заводдору курулат. Тактап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын активдештирүү түштүк аймагынын энергетикалык көз карандылыгын азайтса, айыл чарба тармагындагы өндүрүш Казакстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Өлкө өкмөтүнүн сайтында маалымдалгандай, облуста жалпы суммасы 33 миллиард теңге болгон 29 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалып, дагы 74ү иштелип жатат. Жалпысынан быйыл облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 400 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Бул каражаттар инженердик инфраструктураны жакшыртууга, агро өнөр жай комплексин колдоого, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Ошондой эле, Жайлуу мектеп улуттук долбоорунун алкагында облуста окуучулардын санын көбөйтүү чаралары көрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков