Казакстанда 33 триллион теңгеге долбоорлорду ишке ашыруу көздөлүүдө

Казакстанда 33 триллион теңгеге долбоорлорду ишке ашыруу көздөлүүдө

Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. 2023-2029-жылдарга кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын алкагында жаңы объекттерди ишке киргизүүнү каржылоо пландалып жатат. Ага 500 миллиард теңгеден ашык каражат каралган. Ошондой эле, орто жана жогорку категориядагы өнүмдөрдү чыгарууга багытталган технологиялык жактан өнүккөн өнөр жайды түзүүгө басым жасалат. Атап айтканда, ата мекендик чийки зат менен камсыздоо, жаңы кен жайларын иштетүү, ошондой эле өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар ири ишканалардын айланасында чакан жана орто бизнес тилкесин түзүү колго алынат. Бардык мерчемделген иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында 2029-жылы өндүрүштүн иш жүзүндөгү өсүшү 1,5 эсеге, ал эми негизги капиталга инвестиция 20 триллион теңгеге жакын болушу керек. Документ тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, өкмөттүн аппаратына сунушталат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков