Казакстандын төө сүтүнөн жасалган сыр Францияда өтө турган
эл аралык сынакта биринчи жолу көрсөтүлөт. Бул сынак аяк оона айында Тур
шаарында өтөт. Эл аралык иш-чарага катышып жаткан ата мекендик ишкерлер Маңгыстау
облусунун тургундары. Авторлор сырды өзгөчө даамы жана жыты менен 6 ай
даярдашкан. Деген менен аны өндүрүүнүн сырын айтпайбыз дешет. Азыркы учурда
түгөйлөр өнүмгө патент алуу процесси менен алек.
Александра Григолова, ишкер:
Эчкинин жана төөнүн сүтүнөн жасалган сырдын 4 түрүн
сунуштайбыз. Казакстандын сыр өндүрүүчүлөрү өз өнүмдөрүн эл аралык деңгээлде,
дүйнөнүн бардык өлкөлөрү катышкан дүйнөлүк сынакта сунушташат.
Александра Григолованын айтымында, мындай сырлар эч бир
өлкөдө жасалбайт. Араб өлкөлөрүндө деле алардын саны өтө аз. Анткени төөнүн
сүтү сыр жасоого жараксыз деп эсептелет. Бирок казакстандык ишкерлер бул идеяны
Бешинчи республикада өтө турган көргөзмөдө жокко чыгарууну көздөп жатышат. Сыр
өндүрүүчүлөрдүн эл аралык гильдиясы оң баасын берсе, маңгыстаулук ишкерлер аны
толук көлөмдө өндүрүүнү баштоону көздөөдө. Белгилей кетсек, чарбада бардык тазартылган
эчкинин сүтү, йогурттар, айран, быштак, каймак жана сырдын 12 түрү өндүрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков