Казакстанда микрофинансылык Омбудсмен институту иштей баштады

Казакстанда микрофинансылык Омбудсмен институту иштей баштады

Казакстанда биринчи жолу микрокаржылык Омбудсмен институту ишке кирди. Анын негизги максаты-жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана талаштарды сотко чейин чечүүгө жардам берүү. Атап айтканда, микронасыялар, мөөнөтү өтүп кеткен карыздар же коллектордук агенттиктер менен байланышкан. Ыйгарым укуктуу адам көз карандысыз арбитр катары иш алып барат, ал эми ага жеке адамдар - микрокаржылык уюмдардын кардарлары гана кайрыла алышат. Айта кетсек, анын кызматтары - толугу менен акысыз. Серепчилер белгилегендей, Акыйкатчынын ишмердүүлүгү укуктук талаада микронасыялар рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, институт уюмдарды тейлөөнүн мыкты тажрыйбаларын колдонууга түрткү берет. Белгилей кетсек, учурда Казакстанда банк жана камсыздандыруу омбудсмендери иштеп жатат.

Гадильбек Аким, Казакстан Республикасынын каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги департаментинин өкүлү:

- Акыйкатчынын чечими микрокаржы уюму үчүн милдеттүү түрдө 30 күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Сотко өткөрүлгөн же мыйзамдуу күчүнө кирген иштер микрокаржы Омбудсменинин компетенциясына кирбейт. Ошондой эле, ал далилденбеген жагдайлар менен же кайра жөнөтүлгөн иштерди кайра карабайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков