BITCOIN тарыхый максималдык баасын жаңыртты

BITCOIN тарыхый максималдык баасын жаңыртты

50 миң доллардан ашык. Бүгүнкү күндө Bitcoinди дал ушунча суммага сатып алууга болот. Дүйнөдөгү эң белгилүү монета дагы бир жолу тарыхый максималдык баасын жаңыртты. Жыл башынан бери криптовалюта 69% кымбаттаган. Казакстандык серепчилердин айтымында, BTCтин тез өсүшү сунушка караганда шашылыш суроо-талап менен байланыштуу болду.

АРМАН БАЙГАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

 - Биринчиден, сатып алуучулар ага канчалык ишенсе, ошончолук өсөт деп ойлойм. Бул жерде пирамида схемасынын белгилери жүрүшү мүмкүн. Ал тургай менимче алып-сатарлык өсүш да бар. Деген менен ага карабастан, мен үч жыл мурун макала жазган элем. Анда биткоиндин баасы болжол менен 10 миң доллар болгон. Мен ошондо 2021-жылы 50 миң долларга чейин өсөт деп болжолдогом. Экинчи жагдай - Биткойнды колдоо, анын биткоиндин фьючерстери сыяктуу расмий инвестициялык активдердин тизмесине бир нече жыл мурун киргизилгендиги менен камсыздалган.

Маалыматка ылайык, криптовалютанын наркынын өсүшү акыркы учурда ири автоунаа ишканасы 1,5 миллиард долларга биткойндарды сатып алаарын жарыялагандан кийин башталган. Адистер монеталарды сатып алууга шашылбоону сунушташат.

АРМАН БАЙГАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

 - Биткоинге инвестициялоонун кажети барбы? Мен башынан эле бул финансы инструментине каршымын. Аны болжолдоо кыйын. Ал эч нерсе менен кепилдендирилген эмес. Ал ушунчалык кымбат тургандай кеңири колдонууга чыга элек. Ушундан улам анын баасы бир күнү түшүп калышы мүмкүн.