Казакстанда быйыл товардын келип чыгышынын реестри киргизилет. Ал 2026-жылдын үчтүн айынын 1не чейин жарактуу болгон «СТ-KZ» үлгүсүндөгү сертификаттарды жана өнөр жай сертификаттарын алмаштырат. Товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо боюнча мыйзамды Мажилис экинчи окууда кабыл алды. Документти парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Мукаш Искандиров тааныштырды. Анын айтымында, анын үстүндө иштөөдө бир катар түзөтүүлөр киргизилди. Алардын айтымында, реестрге кирүү үчүн азыр өндүрүүчү өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын минималдуу босогосун сактоону көрсөтүшү керек. Ошондой эле - аны документалдуу жана фото менен видео материалдардын жардамы менен ырастоо зарыл. Мындай чаралар ак ниетсиз катышуучуларды жокко чыгарат, муну менен чыныгы ата мекендик өндүрүүчүлөр аныкталат. Реестрге киргизилген ишканалар мамлекеттик колдоо чараларына жана жөнгө салынуучу сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул багыттагы ыйгарым укуктуу орган болуп өнөр жай жана курулуш министрлиги саналат.
Мукаш Искандиров, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Ыйгарым укуктуу органдын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин казакстандык
өндүрүшчүлөрдү реестрден чыгаруу боюнча чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгүн
берүү сунуштары колдоого алынды. Даттанууларды
кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссия жүргүзөт. Даттануу
механизми, ошондой эле «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын
жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу мыйзам
алдындагы актыларда аныкталат.
Астана, Алматы жана Шымкент үчүн бирдиктүү дизайн коду киргизилет
Мамлекет
башчысынын
тапшырмасы боюнча дагы бир мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ал борбордогу жана
республикалык маанидеги шаарлардагы жер мамилелери, архитектура жана курулуш,
миграция, жарнак, экология чөйрөлөрүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ага
ылайык, Астана, Алматы жана Шымкент шаарларында бирдиктүү дизайн коддору
киргизилет. Парламент борбор калааны жана республикалык маанидеги
шаарларды өнүктүрүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды. Жаңычылдыктар
арасында ачык мейкиндикте аудио жарнакты жайылтууга жолдорго жана көчөлөргө
тышкы жарнактарды жайгаштырууга тыюу салуу камтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

