Казакстан менен Шинжаңдын ортосундагы соода алмашуу 3 эсеге өсүшү мүмкүн

Казакстан менен Шинжаңдын ортосундагы соода алмашуу 3 эсеге өсүшү мүмкүн

Бул тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү макулдашууга жетишилди. Мындай маалыматты республиканын Айыл чарба министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, Казакстандын Кытай менен болгон соодасынын 40%дан ашыгы Шинжаңдын үлүшүнө туура келет жана 2022-жылдын аягына карата бул көрсөткүч 382 миллион долларды түзгөн. Казакстан айыл чарба өнүмдөрүн өз ара көбөйтүүгө абдан маани берет жана тоңдурулган этти экспорттоону кайра баштоого, ошондой эле муздатылган этти жана балык өнүмдөрүн, жумуртканы, жылкы этин жиберүүгө даяр. Мындан тышкары, бир миллион тоннадан ашык казак данын экспорттоо үчүн Кытай рыногу чоң кызыгууну жаратууда. Соода министрлигинин маалыматы боюнча, казакстандык өндүрүүчүлөр Кытай тарапка өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрүнүн 135 түрүн кошумча сунуштоого даяр.

Нуралы Букейханов, «QAZTRADE» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү:

- Бугу айынын 18де Кытайдын Сиань шаарында казакстандык шоу-румду ачабыз. Бул жерде ата мекендик 40 ишкана өз өнүмдөрүн сунушташат. Кытайлык ишкерлер товарлар менен таанышып, кызматташтык түзө алышат. Бул үчүн, ар бир өнүмдүн даярдалышы жана байланыш номерлери тууралуу бардык маалыматтарды камтыган кьюар-код жайгаштырылат. Кытай рыногу Казакстан үчүн абдан маанилүү экенин белгилегим келет. Товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кытай республиканын эң ири соода өнөктөшү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков