Казакстан жаңы инновациялык экономикалык моделге багыт алды

Казакстан жаңы инновациялык экономикалык моделге багыт алды

Казакстан жаңы инновациялык экономикалык моделге багыт алды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда илимге, билимге жана инновацияга өзгөчө басым жасалышы — мунун айкын далили. Мындай пикирин Илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек билдирди. Министрдин айтымында, өлкөнүн өнүгүүсү мындан ары чийки затка эмес, адамдын интеллектуалдык жана инновациялык жөндөмүнө негизделет. Бул илим тармагына чоң түрткү берет. Мындай багыт экономиканы туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Ошондой эле ал өлкөнүн инновациялык дараметин толук пайдаланууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Саясат Нурбек, илим жана жогорку билим берүү министри:

Эми негизги басым инфраструктурага же пайдалуу кендерге эмес, адамга, анын акылына, инновация жаратуу жөндөмүнө жана интеллектуалдык капиталга жасалат. Ошондуктан, бул биздин тармакка артылган чоң ишеним жана өнүгүүгө күчтүү түрткү берет деп ишенебиз. Биздин максат — Баш мыйзамдын негизинде жаңы инновациялык экономикалык моделге өтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков