Казакстанда мекендештердин кесибин колдоого арналган жаңы долбоор ишке берилет

Казакстанда мекендештердин кесибин колдоого арналган жаңы долбоор ишке берилет

«Казак бизнес кэмп». Дал ушундай аталыш менен Мекендештер фонду чет элден келген студенттерге жеке бизнесин ачып, колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берген долбоорду ишке ашырууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу борбор калаада өткөн студенттер менен болгон жолугушууда Мекендештер фонду президентинин кеңешчиси Дидар Болат билдирди. Анын айтымында, чет өлкөдөн келген жаштардын басымдуу бөлүгү окууну аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетүүдө. Алар Казакстанда бизнесин ачып, өнүктүрө аларын билишпейт же тобокелчиликтен коркушат. Андыктан мекендештерди колдоо максатында дагы бир долбоордун үстүндө иштеп жатабыз, дейт адис.

Дидар Болат, «Мекендештер фонду» КЕАК Президентинин кеңешчиси:

- Биз бул багытты 2019-жылы баштаганбыз. Андан кийин пандемияга туш болуп, ишти токтотконбуз. Азыр кайрадан колго алып жатабыз. Негизги максатыбыз – жаштар арасында көп идеялар, бизнес-идеялары бар. Алардын баарын колдоо керек, буга Казакстандын бизнес тармагындагы күчтүү жарандарды тартып, колдоо көрсөтүү зарыл.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн 20га жакын жогорку окуу жайында 7 миңге жакын студент билим алууда. Алардын көбү Монголия, Кытай, Өзбекстан жана Орусия мамлекеттеринен келгендер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков