Казакстандын «Штурм» тасмасы Франциянын криминалдык кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул режиссер Адилхан Ержановдун 12-эмгеги. Тасманын сюжети боюнча беткап кийген каракчылар ойдон чыгарылган Каратас айылындагы мектепти басып алат. Ал эми аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу полиция калктуу-конушка жете албайт. Туңгуюктан чыгуунун жолун издеген мектеп мугалими окуучулардын ата-энелеринин башын бириктирип, «чабуул» тобун түзүүгө мажбур болот. Айта кетсек, фестивалда аталган тасма «кино сынчыларынын» атынан дагы бир абройлуу сыйлыкка ээ болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков