Адистер өлкөдө каржылоонун бул түрү Алматы шаарында күч алып жатканын айтышат. Эми бул багытты улуттук деңгээлде жигердүү өнүктүрүү үчүн «Astana Hub» эл аралык технопаркынын жанында венчурдук клуб ачылды. Демилгеге 40тан ашык инвестор кошулууга даяр. Алардын ар бири ишке жарамдуу долбоорлорго алгачкы этапта гана 50 миң доллардан кем эмес инвестиция салуу ниети бар экенин билдиришти.
Нурасыл Жарбасов, ASTANA VENTURE CLUBтун негиздөөчүсү жана башчысы:
Aстана венчурдук клубу Astana Hub алкагында акселерациядан өтүп жаткан же башка колдоо алган дараметтүү глобалдык жана казакстандык долбоорлордун чоң агымын камтууга багытталган. Биздин клуб бизнес инвестициясын, башкача айтканда, өлкөбүздө колдоо маданиятын өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн иш алып барат. Бул биздин максатыбыз. Стартапка бир нече миң доллар салып, андан кийин долбоорго же кирешенин жарымына ээ болуу идеясы менен келген инвесторлор үчүн биздин клубдун эшиги жабык. Буга жол берилбейт. Себеби, долбоордун ээлери мындай сунушка көнбөшү анык. Долбоорду иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Муну өлкөбүздүн бай жарандары түшүнүп, инвестициялоо маданиятын колго алышын каалайбыз. Бул ар кандай долбоор үчүн маанилүү. Деген менен учурда бул демилгени колдоого алып, инвестициялоого даяр инвесторлордун саны өсүп келет.
Бизнести колдоого инвестициялоо каржылоонун салттуу формаларынан айырмаланат. Венчурдук клубдун негиздөөчүсү Нурасыл Жарабасовдун айтымында, бул жерде инвестор тобокелчиликке барат. Себеби өндүрүшкө чыга элек чийки долбоорлорго инвестиция салууга туура келет. Бирок стартаптардын иштөөгө жөндөмдүүлүгү алдын ала талданат дейт ал.
Нурасыл Жарбасов, ASTANA VENTURE CLUBтун негиздөөчүсү жана башчысы:
Кандай гана долбоор болбосун, келечекте анын пайдубалын кеңейтүүгө, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Башкача айтканда, аны акырындык менен өнүктүрүүнүн планы жылдан жылга түзүлөт. Бул бизнес жүргүзүүнүн классикалык мисалы. Мындан тышкары, экспоненциалдык өсүү модели бар. Бул долбоорлор узак убакыт бою бышып жетилген. Андан кийин дароо бир нече эсеге көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан, венчурдук инвестиция тобокелдүү болгону менен натыйжасы алда канча жогору болушу мүмкүн.
Венчурдук экосистеманы өнүктүрүүнүн негизги максаты - инвесторлорду колдоо жана инновациялык, технологиялык же IT стартаптарына практикалык колдоо көрсөтүү. Кызыккан инвесторлор үчүн бизнести колдоочулардын мектеби ачылды. Ал Казакстандагы заманбап технологияларга жана алдыңкы бизнес чечимдерине инвестиция салууга даяр адамдарга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков