Казакстан 2023-жылы бир катар жаңы авиа каттамдарын ачат

Казакстан 2023-жылы бир катар жаңы авиа каттамдарын ачат

Бул тууралуу Жарандык авиация комитетинен билдиришти. Алардын арасында Казакстандын борборунан Катардын негизги шаарына, Актаудан Анкарага, Астанадан Азербайжандын борборуна, Шымкенттен Дүйшөмбүгө, Бангкоктон Алматыга жаңы каттамдар бар. Ушул жана башка багыттар жазгы-жайкы учуу мезгилине ылайыкталганын мекемеден билдиришти. Жаңы эл аралык каттамдардын ачылышынан тышкары, жеткиликтүү аба каттамдарынын көбөйүшү да күтүлүүдө. Мисалы, Түркияга, Грузияга, Азербайжанга, Индияга, Кытайга, Улуу Британияга. Буга кошумча Астана – Бишкек, Актау – Ереван, Алматы – Самарканд жана Шымкент – Кутаиси багыттарында байланышты калыбына келтирүү көздөлүүдө.

Тимур Тилегенов, жарандык авитация комитетинин төрага орун басары:

Эл аралык каттамдардын ачылышына келсек, быйылкы жылы 13 жаңы эл аралык багыттардын ачылышы күтүлүүдө. Тагырак айтканда казакстандык жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар тарабынан 2023-жылы ачуу пландалып жаткан бир катар каттамдар. Алар Куала-Лумпур-Алматы, Алматы-Медина, Актау-Медина, Шымкент-Медина. Жалпысынан биз бардык тобокелдиктерди изилдеп, карап чыктык деп айта алабыз. Мындай иш-аракеттер эл аралык жарандык авиация уюмдарынын сунуштарынын алкагында жана жалпысынан атаандаштыкты өнүктүрүү ошондой эле авиа билеттердин баасын төмөндөтүү максатында жасалууда.

Мындан сырткары министрлик өткөн жылы жумасына 25 рейс жыштыгы менен 10 багытта 7 өлкөгө жаңы аба каттамдары ачылганын белгиледи. Эске салсак, Казакстан «ачык асман» режимин 2027-жылдын аягына чейин узарткан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков