Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл

30 жылдык өз ара пайдалуу кызматташтык. Казакстан менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл болду. Мааракеге карата Тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кореянын Казакстандагы элчиси менен жолугушуп, эки лидердин куттуктоо каттарын алмашты. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Ку Хонг Сок, Казакстандагы Корея Республикасынын элчиси:

- Мен сиздерди биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктайм. Бул мезгилдин ичинде мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелер абдан жогорку темп менен өнүктү. 2009-жылы эки өлкө стратегиялык өнөктөш болушкан. Казакстан Кореянын Борбордук Азиядагы эң ири соода өнөктөшү, ал эми Корея сиздердин өлкө үчүн эң ири инвестор болуп саналат. Бул тыгыз байланыш келечекте тереңдеп, биздин келечегибиз азыркыдан да жаркын болоруна ишеним артам.

Быйыл Казакстандын Иран менен дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 30 жыл толду. Атайын жолугушууда Ислам Республикасынын элчиси Маджид Самад-задэ Сабер эки өлкөнүн соода жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Жолугушууда Каспий аймагынын өлкөлөрүнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгы талкууланды.

Маджид Самадзадэ Сабер, Казакстандагы Иран Ислам Республикасынын элчиси:

- Казакстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер өз ара түшүнүшүүгө жана достук негизде жүзөгө ашырылып келет. Эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эрки көп тараптуу мамилелерге негизделген. Бул аралыкта саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө мамилелер кеңейип, жакшы өнүктү. Маселен, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылга салыштырмалуу 110 пайызга өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков