Санариптештирүү күч алды. Казакстанда мамлекеттик кызматка тандоо жаңы система боюнча жүргүзүлүп, төрт жарым миң талапкердин 400ү сынактан өттү. Толук автоматташтырылган система маалыматты өзү иргейт. Ошондуктан тандоого адам фактору таасир этпейт. Бардык процедуралар аралыктан жүргүзүлөт. Электрондук система үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынан баштап 5 мамлекеттик органда пилоттук режимде ишке киргизилет. Бул жаңы тажрыйба жаштардын кадрдык резервине тандоодо да колдонулат.
Дархан Жазыкбай, Мамлекеттик
кызмат иштери агенттигинин төрагасы:
- «Е - кызматтын» тышкы
порталынын максаты - мамлекеттик кызматка онлайн тандоону жүргүзүү. Башкача
айтканда, адам факторун азайтуу. Тест тапшыруу үчүн тестирлөө борборлоруна
баруунун кажети жок. Эгерде талапкер даяр болсо, ал тест тапшыруу үчүн өзүнө
ыңгайлуу күнүн белгилей алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков