Астанада жаш диний лидерлердин II форуму өттү

Астанада жаш диний лидерлердин II форуму өттү

Астанада жаш диний лидерлердин II форуму өттү. Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын алкагында уюштурулган форумга 150дөн ашуун дин кызматкерлери, серепчилер, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышты. Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнөн тартып социалдык чыр-чатактарга жана күчөгөн сабырсыздыкка чейин актуалдуу заманбап чакырыктарды талкуулашты. Рухий баалуулуктарды жана диндер аралык диалогду жайылтууга өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар азыркы дүйнөдө туруктуу өнүгүүнүн гаранты катары жаштардын ролу жана маданияттар менен диндердин ортосундагы көпүрө катары руханий дипломатиянын ролу болуп көрбөгөндөй маанилүү деген пикирге келишти. Форум биргелешкен билдирүүнү кабыл алуу менен жыйынтыкталып, анда жаш лидерлер адилеттүү жана коопсуз келечекти курууга умтула тургандыгын билдиришти.

Маулен Ашимбаев, Казакстан Республикасынын парламентинин сенатынын төрагасы:

- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баса белгилегендей, оор мезгилде биз дубал эмес, көпүрө куруубуз керек. Бул элибиздин аң-сезимдүү тандоосу. Демек, адамзат азыркы учурдун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн жаңы идеяларга жана ыкмаларга тез арада муктаж. Ал эми дал сиздер, жаш лидерлер, 21-кылымдын эң татаал чакырыктарына каршы турууга туура келет. Буга ачык, чынчыл жана ишенимдүү диалог аркылуу гана жетишүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков