Акордада
Руанданын президентин салтанаттуу тосуп алуу аземи болду. Поль Кагаме Казакстанга
расмий сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев бул сапарды тарыхый деп атап, эки
өлкөнүн мамилелеринин жаңы барагын ачты. Тараптар саясий, соода-экономикалык,
транспорт-логистика, айыл чарба жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө казак-руанда
мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Биз
Руандага оң көз караштабыз. Сиздердин экономикаңыздар өсүүдө жана өлкө
таасирдүү экономикалык өсүшкө жетишти. Биз байланыштарды түзүшүбүз керек,
анткени Казакстан ИДӨнүн
көлөмү, IT-технологияларды өнүктүрүү жана жасалма интеллект боюнча региондо
алдыңкы орунду ээлейт. Булар биздин өз ара пайдалуу кызматташуубуздун
артыкчылыктуу багыттары.
Мамлекет
башчылары кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев
белгилегендей, Поль
Кагаменин 2015-жылы Казакстанга сапары болгондон бери эки өлкөнүн кызматташуусу
өнүгүп, бекемделди. Бүгүнкү күндө Казакстан
Руанда республикасынын Африкадагы ишенимдүү
өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтып
өттү.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Сүйлөшүүлөрдүн
жүрүшүндө биз эл аралык коридорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн жана азык-түлүк
коопсуздугу боюнча кырдаалды талкууладык. Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүн Африка
континентине ташуунун жолдорун карап чыктык. Биздин өлкөлөр алдыңкы
технологиялар, жасалма интеллект жана космос чөйрөсүндө олуттуу тажрыйба
топтошту. Биз санариптештирүү жана киберкоопсуздук жаатында биргелешкен
долбоорлорду ишке ашырууну макулдаштык. Космос мейкиндигин биргелешип изилдөө тууралуу
макулдашууга жетишилди.
Поль Кагаме, Руанда президенти:
- Эки
өлкө соода,
технология жана айыл чарба жаатында бири-биринен көп нерсени үйрөнүшөт. Руанда
Казакстандын энергетика, тоо-кен өнөр жайы жана минералдарды кайра иштетүү
жаатындагы инновацияларын өздөштүрүү менен олуттуу киреше ала алат.
Казакстан
менен Руанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана ресурстарды натыйжалуу
пайдаланууга кызыкдар. Мындан тышкары, президенттер академиялык байланыштарды,
студенттерди алмашууну жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү
макулдашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен билдирүүнү
кабыл алышты. Сапардын жүрүшүндө жалпысынан 9 документке кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

