Казакстанда мамлекеттик кызматчылардын санариптик рейтинги киргизилди

Казакстанда мамлекеттик кызматчылардын санариптик рейтинги киргизилди

Келерки жылы мамлекеттик кызматка кабыл алуу боюнча сынактар онлайн режиминде гана өткөрүлөт. Быйыл мамлекеттик органдарга «eQyzmet» автоматташтырылган тандоо системасы толук киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин төрагасы билдирди. Дархан Жазыкбай санариптик рейтинг модулу аталган системада ишке кирерин айтты. Ал электрондук жеке иштердин маалыматтары негизинде саясий жана «А» корпусунун кызмат орундарына жогорку квалификациялуу жана тажрыйбасы бар дараметтүү талапкерлердин тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле тутум менен интеграцияланган «QazTech» платформасы аркылуу Бирдиктүү кадр кызматынын жаңы архитектурасын түзүү пландалууда.  Мындан тышкары, аралыктан тандоо этаптарында Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн атамекендик KazLLM базасында колдонуу каралган. Жалпысынан, санариптик система натыйжалуу экени далилденди. Ал ишке киргенден бери, бир бош орунга талапкерлер салттуу тандоого салыштырмалуу бир жарым эсеге арткан.

Дархан Жазыкбай, Мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасы:

- Мамлекеттик кызматты андан ары өнүктүрүү боюнча Мамлекет башчысынын жарлыгы менен 2029-жылга чейин Концепция бекитилген. Буга байланыштуу биз агенттик тарабынан жаңы мыйзам даярдадык. Бул жерде тейлөө аппаратын түзүү жана мамлекеттик кызматтын гибриддик моделин андан ары өркүндөтүү жана санариптештирүү. Максаты-мамлекеттик кызматтын ачыктыгын камсыз кылуу жана коом ошондой    эле, жеке сектордон кесипкөй квалификациялуу адистерди көбүрөөк тартуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков