Казакстанда
Өкмөттүн, Улуттук банктын жана Каржы
рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин биргелешкен үч жылдык
иш-аракеттер программасы бекитилди. Документ 2026-2028-жылдарга эсептелген.
Анын максаты – экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана калктын реалдуу
кирешесин жогорулатуу. Негизги багыттардын арасында – жыл сайын экономикалык
өсүштү 5%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү, инфляцияны төмөндөтүү жана
экономикада мамлекеттин үлүшүн кыскартуу. Мындан тышкары, программа бизнести
колдоону кеңейтүүнү, экономикалык баалоонун жаңы моделине өтүүнү, чийки эмес
өсүштү стимулдаштырууну, финансы секторун, инновацияларды жана
санариптештирүүнү, анын ичинде жасалма интеллект жаатындагы долбоорлорду
өнүктүрүүнү карайт. Документте жумуштуулукту жогорулатуу жана даректүү
социалдык жардамды күчөтүү боюнча чаралар да каралган. Программа тарифтик жана
инвестициялык саясатты өркүндөтүүнү камтыйт. Жалпысынан алганда, экономиканын
өнүгүү сапаты артыкчылык
болуп саналат.
Олжас Бектенов, Казакстан
премьер-министри:
- Экономиканын өсүшүнүн
негизги факторлорунун бири болуп келечектүү тармактарда инвестициялык
долбоорлорду активдүү ишке ашыруу саналат. Экинчи деңгээлдеги банктардын
капиталын реалдуу секторду насыялоого
тартуу ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет. Биргелешкен
аракеттер менен кошумча натыйжалуу каржылык инструменттерди иштеп
чыгуу, бизнести насыялоо процессин
жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү зарыл. Административдик тоскоолдуктарды
азайтуу жана инвесторлор менен иштөөдө ийкемдүүлүктү жогорулатуу корпоративдик насыялоонун үлүшүн көбөйтүүгө
мүмкүндүк берет. Өкмөттүн алдына проактивдүү инвестициялык саясатты киргизүү
боюнча масштабдуу милдет коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

