Казакстанда жыл соңуна чейин инфляцияны 2 эсеге төмөндөтүү көздөлүүдө

Казакстанда жыл соңуна чейин инфляцияны 2 эсеге төмөндөтүү көздөлүүдө

Быйыл анын алкагында элет тургундарына  17 миң жеңилдетилген чакан насыялар берилет. Мындан тышкары, жаңы сүт-товар фермаларын түзүү жана иштеп жаткандарын кеңейтүү үчүн 24 долбоор жеңилдетилген каржылоого ээ болот. Өкмөт 2023-2024-жылдарга инфляцияны көзөмөлдөө жана төмөндөтүү боюнча ушул жана башка артыкчылыктарды камтыган комплекстүү планды карап чыкты. Документте өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, товарларды сактоо, чекене сооданы жана материалдык-техникалык камсыздоону системалуу түрдө жакшыртуу боюнча токтоосуз жана орто мөөнөттүү 93 иш-чара камтылган.

Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:

- Ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу максатында курулуш материалдарын, жеңил, химиялык жана фармацевтикалык өнөр жай товарларын өндүрүү боюнча импортту алмаштыруучу долбоорлорду жүзөгө ашыруу улантылат. Ошондой эле быйылкы жылы канаттуулардын этин өндүрүү боюнча 19 долбоор жана эт азыктарын кайра иштетүү боюнча 17 долбоорду ишке кошуу башталат. Бул 249 миң тонна канаттуулардын этин жана 320 миң тонна эт азыктарын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Буга кошумча, жаңыртылган планда транзиттик агымдардын дараметин кеңейтүү үчүн жаңы каттамдарды киргизүү жана ички жүк ташуучулардын үлүшүн 30%дан 50%га чейин көбөйтүү мерчемделген. Ошондой эле системалуу иш-чаралардын алкагында бааларды талдоо жана болжолдоо боюнча аба ырайы борбору түзүлүп, альтернативдүү маалыматтардын негизинде инфляцияга мониторинг жүргүзүлөт. Башкача айтканда, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын, мазуттун, көмүрдүн жана дары-дармектердин баасын турукташтыруу каралган.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Тактап айтканда, кошумча 15% тиешелүү өлчөмдөн ашпоону камсыз кылуу зарыл. Бул үчүн акимчиликтерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ички рынокто ата мекендик товарлардын үлүшүн көбөйтүүгө аракет кылышыбыз керек. Мындан тышкары, биз товарларды сактоо жана ташууну колдоого тийишбиз. Көрүлүп жаткан чаралардын иш жүзүндөгү жыйынтыгын эл көрүшү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков