Казакстандын Президенти Татарстан Республикасынын Раиси менен жолугушуу
өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев Рустам Миннихановго Казакстан-Орусия мамилелерин,
өлкө менен Татарстан аймактарынын өз ара байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн
ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы унаа жасоо, мунай-газ химиясы жана ага
керектүү бөлүктөрдү чыгаруу тармактарында ийгиликтүү кызматташтык орногонун
белгиледи. Президент биргелешкен инвестициялык долбоорлорго басым жасоо зарыл
деп эсептейт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жетинин айынын 12де Москвага мамлекеттик сапар менен барабыз. Бул эки
өлкөнүн мамилесиндеги маанилүү учур деп эсептейбиз. Кызматташтыгыбызды андан
ары өнүктүрүүгө жаңы дем бере турган маанилүү документтерге кол коюлат. Сиздин
Түндүк Казакстан жана Костанай облустарын кыдырып келгениңизди билем.
Казакстандын аймагында ишканаларды ачууга байланыштуу пландарыңыз бар. Биз
Татарстандын Казакстандагы бардык демилгесин колдойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

