Өчпөс жол белгилерин казакстандык иштеп чыгуучулар жасашты. Казакстандын жол илимий-изилдөө институту адистеринин айтымында, бул технология өлкөнүн катаал континенталдык климаты үчүн өтө зарыл. Себеби, аба ырайынын өзгөрүлмөлүүлүгү жолдун деформациясына олутту таасирин тийгизет. Инновациялык бул материал нымдуу аба ырайына карабай өзүнүн туруктуулугун сактайт. Мындан тышкары, абанын температурасы муздаган кезде ийкемдүүлүгүнүн аркасында жарылып кетпейт. Жаңыдан жасалаган бул материал өзүнүн аналогдоруна караганда баасы, ар кандай тыгыздыктагы заттардын негизги параметрлери боюнча жолдордо колдонулуучу каптамалардан бир топ жогору. Иштеп чыгуучулар уникалдуу белгилер Казакстанда жолдун сапатын жана жол кыймылынын коопсуздугун бир топ жакшыртат деп ишенишет.
Мейрамгүл
Кабдыгалиева, жол-курулуш материалдары жана жаңы технологиялар департаментинин
мүдүрү:
- Аналогдорго салыштырмалуу
биздин материал термикалык ийкемдүүлүгү, гидро-жана жылуулукка туруктуулугу
жогору. Бардык лабораториялык изилдөөлөр аяктап, учурда өлкөнүн түштүк
аймактарында алгачкы колдонуудан өтүп жатат. Алдыдагы убакытта Түндүк
аймактарда да текшерүүнү пландап жатабыз. Толук изилдөөдөн өтүп, сапаты толук
далилденгенден кезде Казакстанда жол курулушуна арналган ата мекендик өнүм
пайда болду деп ишенимдүү айта алабыз.
Мындан тышкары,
институттун адистери климаттын жолдун сапатына тийгизген таасирин эске алып,
топурак стабилизатору, битумду модификациялоочу жана бетонду катуулатуучу паста
сыяктуу материалдарды жасап чыгарышты. Белгилей кетсек, алардын баары ата
мекендик чийки заттан жасалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков