Эл аралык эсептөөлөргө таянсак, жакынкы 10 жылдын ичинде аймактын түз чет элдик инвестицияны тартуу мүмкүнчүлүгү 170 миллиард долларга жетиши толук мүмкүн. Алардын ичинен региондун мунай эмес тармагына 80 миллиард долларга чейин инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаада “Борбор Азия-2030: келечектин жүзү” жыйынында жолугушкан аймактын серепчилери билдиришти. Адистер жакынкы 5 жылда аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы ички соода 50%га өскөнүн айтышууда. Азыр экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бир катар маанилүү логистикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Ишкердик мамилелердин темпинин жогорулагандыгын көпчүлүк тармактарда биргелешкен компаниялардын санынын өсүшүнөн көрүүгө болот. Эми беш мамлекет болуп биригип, жалпы тоскоолдуктарды жоюу жана мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдалануу максаты турат. Бул жаатта Казакстандын салымы өзгөчө экенин жыйындын катышуучулары белгилешет.
Хайриддин Усмонзода, Тажикстан Республикасы президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун мүдүрү:
- Казакстан Республикасы өзүнүн дарамети жана жайгашкан жери боюнча бардык Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн абдан ыңгайлуу. Анткени аймактын тартылуу күчүнүн борборуна айлануу үчүн биринчи кезекте каражат керек. Бул ресурстардын басымдуу бөлүгү саясий жана экономикалык көз караштан алганда Казакстанда топтолгондугун баса белгилегим келет. Ошондуктан Тажикстан Республикасы Казакстан менен тыгыз достук мамилелерди түзүүгө ар дайым кызыкдар.
Айдар Курмашев, Казакстан президенти алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун бөлүм башчысы:
- Мамлекеттер ортосунда транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, ичүүчү таза суу, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр бар. Ага ылайык кандай чечүү жолдору бар экенин аныктоо биз үчүн чоң милдет. Ошондуктан ушул жаатта серепчилердин жолугушуусу уюштурулуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков