Казакстанда
инновациялык экономиканы өнүктүрүү боюнча иштер күч алууда. Жайга чейин
республиканын бардык ишканаларын комплекстүү изилдөө жана инвентаризациялоо жүргузүлөт.
Алардын технологиялык өнүгүү деңгээли жана инновациялык активдүүлүгү бааланат.
Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Олжас Бектенов өкмөттүн жыйынында билдирди.
Ишти кулжа айынын 1не чейин бүтүрүү мерчемделип жатат. Министрлер кабинетинин
алдында инновациялык штаб түзүлөт. Ал тармакты координациялайт жана
технологиялык артыкчылыктарды аныктайт, ошондой эле идеяларды иштеп чыгуудан
баштап өндүрүшкө киргизүүгө чейинки бүткүл инновациялык экосистеманы
бириктирет. Мындан тышкары, теке айынын 1не чейин алдыңкы долбоорлорду колдоо
үчүн «бирдиктүү терезе»санариптик платформасын ишке киргизүү көздөлүүдө.
Олжас Бектенов, Казакстан
Премьер-министри:
– 2035-жылга карата
инновациялык өнүмдүн үлүшүн ички дүң өнүмдүн 3%га чейин жогорулатууну камсыз
кылуу зарыл. Бизге жеке идеялар жана ыкмалар эмес, өнөр жай дараметин өнүктүрүүгө
реалдуу салым кошкон инновациялар керек. Ошондой эле иштеп чыгуучулар,
технологиялар жана дараметтүү инвесторлор жөнүндө маалыматтарды камтыган
инновациялык долбоорлордун жалпыга жеткиликтүү улуттук реестрин түзүү зарыл.
Өкмөт жыйынында санариптик чечимдер ата
мекендик ишканаларга жигердүү киргизилип жатканы да айтылды. Алардын катарында
маалымат аналитикасы, жасалма интеллект, машиналык көрүү системалары жана өнөр
жай роботтору бар. Маселен, өткөн жылы 300дөн ашык өндүрүш объектисине роботтор
орнотулган. Ошол эле учурда туруктуу илимий базаны түзүүгө да өзгөчө көңүл
бурулат. Бул багытта Курчатовдогу илимий шаарчаны, Алматы жана Астанадагы
технопарктарды камтыган «Илимий аймактар» концепциясы ишке ашырылат. Мындан
тышкары, окумуштууларды колдоо үчүн атайын эндаумент фонду түзүлөт.
Саясат Нурбек, Илим
жана жогорку билим министри:
– Инфраструктуранын
алкагында учурда 303 илимий лаборатория жана 62 коммерциялаштыруу борбору иштеп
жатат. Өнөр жай тармагын илимди каржылоого тартуу үчүн салык жеңилдиктери
киргизилди. Жаңы үлгүдөгү кайрымдуулук фонду түзүлүп, ага азырынча 2 миллиард
теңге тартылды. Келечекте бул сумманы 10 миллиардга жеткирүү пландалууда. Бул
экосистеманын «Астана хаб» жана «Alem.AI» жасалма интеллект борбору менен тыгыз
байланышта болушу өтө маанилүү
Которгон: Илгиз Жамалбеков

