Казакстан чет элдик инвесторлор үчүн «алтын виза» программасын ишке кошту

Казакстан чет элдик инвесторлор үчүн «алтын виза» программасын ишке кошту

Казакстан бугу айынын 10нан тарта жаңы инвестор визасын ишке киргизди. Ал чет элдик бизнести тартууга жана ата мекендик экономиканын дараметин жогорулатууга багытталган. Жаңы талаптарга ылайык, мындай «алтын визаны» казакстандык компаниялардын уставдык капиталына же 300 миң АКШ долларынан кем эмес атамекендик баалуу кагаздарга инвестиция салган чет элдик жарандар ала алат. Ошентип, аларга Казакстанда 10 жылга чейин жашоого мүмкүнчүлүк берилет. Серепчилер Казакстан Борбор Азиядагы эң ири экономика экенин айтышууда. Бул өз кезегинде ишкерлердин кызыгуусун жаратат. Өлкөдө саясий туруктуулук жана ыңгайлуу бизнес-чөйрө калыптанды. «Алтын виза» укуктук кепилдик берет жана республиканын инвестициялык климатын чыңдайт.

Марат Есенов, «KAZAKH INVEST» УК мамлекеттик органдар менен жана коом менен өз ара аракеттенүү боюнча өкүлү:

- Казакстандын экономикасына 300 миң доллар салган адам мындан ары да инвестиция салууга даяр экенин түшүнүү керек. Бул алгачкы жарнама деп түшүнөм. Ал эми келечекте мультипликативдик эффект берет. Башкача айтканда, Казакстанга мындан ары да инвестиция салган ишкер башка ири долбоорлорго да инвестиция салат деп ойлойм.

Белгилей кетсек, мындай виза программалары АКШда, Бириккен Араб Эмираттарында, Сингапурда жана бир катар Европа өлкөлөрүндө бар. Мисалы, Америкада «алтын виза» алуу үчүн ишкер 5 миллион доллар инвестиция салышы керек. Ал эми Өзбекстанда бул сумма ушул жылдын кулжа айынан тарта ар бир үй-бүлө мүчөсүнө 250 миң доллар жана 150 миң долларды түзөт. Казакстан экономикасына келсек, азыр инвесторлор үчүн ыңгайлуу багыттар аныкталды.

Гаухар Кизатолла, ТИМ инвестициялар боюнча комитетинин жетекчиси:

- Биз, албетте, азыр кайра иштетүү секторуна инвестицияларды тартууга ниеттенүүдөбүз. Башкача айтканда, экономиканын чийки зат эмес секторлору. Ишти кыскартып, тармакты өнүктүрүү керек. Өндүрүш өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы азыраак инвестиция тартат. Бирок булар кийинчерээк экономикада кала турган мультипликативдик эффект берген тармактар. Анткени жаңы өндүрүштүк жайлар түзүлүп, жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле, бул үзгүлтүксүздүк уланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков