Казакстанга мамлекеттик сапар менен Түркиянын Президенти келди

Казакстанга мамлекеттик сапар менен Түркиянын Президенти келди

Касым-Жомарт Токаев Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын Президентин тосуп алды. Режеп Тайып Эрдогандын учагы өлкөнүн мамлекеттик чек арасынан өткөндөн баштап Астана аэропортуна конгонго чейин Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн учактары коштоп жүрдү. Учактын жанында ардактуу кароол ротасы тизилген. Түрк лидерин жана расмий делегацияны эки тилде «Ата-Журтка кош келдиңиз!» деген желекчелерди кармаган балдар тосуп алышты. Андан соң учуу тилкесинин үстүнөн Түркиянын жана Казакстандын желектери илинген тик учактар учуп өттү. Аэропорттун терминалында жаш музыканттар түрк лидери үчүн «Домбыра» чыгармасын аткарышты. Эскерте кетсек, Режеп Тайып Эрдоган өлкөгө мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков