Касым-Жомарт Токаев Казакстандын аймактарына жасаган кезектеги жумушчу сапарынын алкагында бул жолу ат башын Алматы облусуна бурду. Облустук коомчулук менен болгон жолугушууда мамлекет башчы Конаев шаар базасында Академиялык шаарчаны түзүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле, облустун борборун экологиясы жогору, жашоого ыңгайлуу акылдуу шаар катары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
Конаев, илим, билим борборуна жана жаш студенттердин шаарына айланышы керек. Азыр көпчүлүк университеттер Алматыда жайгашкан. Бул ансыз да жыш жайгашкан шаардын климатына таасирин тийгизет. Жол кыймылы көп. Жатакана, арзан турак-жай жетишпейт. Шаардын абасы дагы булганууда. Ушунун баарын эске алып, Конаевте академиялык шаарча куруу тууралуу карап көрүү орундуу деп ойлойм. Ири шаарлардын жанында инновациялык борборлорду түзгөн бир катар өлкөлөр бар. Бул маселе боюнча өкмөт жаңы жылга чейин конкреттүү сунуш киргизиши керек.
Президент Касым-Жомарт Токаев кайра жаралуучу энергия булактарынын жалпы кубаттуулугун жогорулатуу зарылдыгына да көңүл бурду. Мамлекет башчысы Алматы облусунда энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө облуста бул багытта бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Атап айтканда, шамал энергетикасын, чакан суу электр станциясы жана Бартогай ГЭСин куруу жана башка долбоорлор колго алынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков