Ошондой эле логистикалык парк курулат. Абай райондук акимчилигинен билдиришкендей, бул эки объект темир жол менен бирге курулат. Ал Түндүк-Түштүк багытында «Аягөз – Бахти – Тачен» багыты боюнча жүрөт. Долбоорду ишке ашыруу ушул жылдын аягында башталат. Ошентип, долбоордун эсебинен соода алмашууну көбөйтүү мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, 2022-жылы Абай облусу менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү болжол менен 36 миллион долларга жетет. Ал эми экспорттун көлөмү АКШ валютасында болжол менен 25 миллионго жетти. Эске сала кетсек, Бахти-Аягөз темир жолунун жалпы узундугу 270 чакырымды түзөт. Мындай долбоордун алкагында чек арадагы «Достук» жана «Алтынкөл» станцияларында жүктү азайтуу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков