Казакстанда энергетикалык жана коммуналдык секторлорду модернизациялоо
боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу үчүн 13 триллион теңгеден ашык инвестиция
талап кылынат. Каражаттар 86 миң километр коммуналдык тармактарды курууга жана
реконструкциялоого, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 7,3 ГВт болгон жаңы
генерация булактарын ишке киргизүүгө багытталат. Келерки жылга планда дээрлик
триллион теңге инвестиция тартуу, 10 миң километр тармакты модернизациялоо жана
46 миң даана техниканы жаңыртуу каралган. Премьер-министрдин орун басарынын
айтымында, Улуттук долбоорду ишке ашыруунун деталдуу планы жылдын аягына
жакыныраак жарыяланат. Анын алкагында каналдарды жана суу сактагычтарды
модернизациялоо, сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонууну кеңейтүү, ошондой
эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин күчөтүү каралган. Бардык иш-чараларды
ишке ашыруу 224 компанияга жүктөлгөн.
Канат Бозумбаев, КР премьер-министринин
орун:
- Планга ылайык, жакынкы бир нече
жылда 42 суу сактагыч курулуп, модернизацияланат, 14,5 миң километр
магистралдык каналдарга капиталдык оңдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, биз
тармакты санариптештиришибиз керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мындай технологиялар
бар, биз алдыңкы компанияларды тарттык – алар жөнгө салышты, айрымдары бул
жерде өз заводдорун ачып жатышат. Биз үчүн алдыңкы өлкөлөр колдонгон бул
заманбап технологиялар абдан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

