Казакстандын геологиялык тармагынын келечеги

Казакстандын геологиялык тармагынын келечеги

Быйыл геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча пайдалуу кендердин корлору жана ресурстары бар 17 кен жайы каттоого алынды. Атап айтканда, бул алтын, күмүш, жез, цинк, коргошун, вольфрам, хром жана башкалар. Ошондой эле, быйыл биринчи жолу мамлекеттик реестрге көмүр суутек чийки затынын 6 кен жайы катталды. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын аягына чейин 2,2 млн чарчы километрге чейин геологиялык-геофизикалык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Жалпысынан бүгүнкү күндө минералдык-чийки зат базасына миңге жакын катуу пайдалуу кен чыккан жерлер кирет. 12 жерде сейрек кездешүүчү металлдарды издөө иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө алардын бириндеги церий жана лантаниддердин кору 935 миң тоннаны түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков