Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24 миңден ашык арыз кабыл алынган. Арыздардын көбү Түркестан облусунун жана Шымкент шаарынын тургундарынан түшкөн. Ишкердик-долбоорлор бизнес-идеянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, сатуу рыногун өнүктүрүү, долбоордун каржылык туруктуулугу, ишкердик көндүмдөрдүн деңгээли, жаңы жумуш орундарын түзүү сыяктуу критерийлер боюнча бааланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков