Алматыга жакын жерде дүйнөлүк деңгээлдеги бийик тоолуу
курорт пайда болот. Инфраструктураны, анын ичинде
транспортту курууга кеткен чыгымдар мамлекет тарабынан каржыланат. Алматы тоо кластерин
өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан пландын алкагында 3 келечектүү туристтик зоналар аныкталды. Алардын арасында чыгыш,
борбордук жана батыш. Дүйнөлүк стандарттар боюнча инфраструктурасы бар тоо чаңгы
трассаларынын жалпы узундугу 700 чакырымга чейин жетиши мүмкүн. Борбордук аймакта
көтөргүчтөрдүн санын 3 эсеге көбөйтүү мерчемделүүдө. Бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүн
күнүнө 6 миңден 34 миң адамга чейин жогорулатат. Өкмөт Алматы тоо кластери
2029-жылга чейин Борбор Азиядагы эң ири туристтик долбоор болуп калаарын
белгилеп жатат.
Олжас
Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Эл аралык серепчилердин
баамында,
тоо инфраструктурасына салынган 1 доллар курорттук инфраструктурага 2 доллар
жеке инвестицияларды тартат. Ошондуктан бул биздин экономика үчүн, ар тараптандырууга
чоң мүмкүнчүлүк. Бул долбоорго мен толук ишенем. Ал Алматы шаарынын жана Алматы
облусунун гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикалык ландшафтын толугу менен
өзгөртөт. Учурда долбоорлоо жүрүп жатат.
Айта
кетсек, туризм тармагы бүгүнкү күндө Алматынын экономикалык түзүмүнүн дээрлик
4%ын түзөт. Өткөн жылы мегаполиске келген коноктордун саны үчтөн бирге артып,
Казакстандагы бардык туристтердин жарымынан көбүн түздү. Ага жараша шаардык
бюджеттин кирешеси эки эсеге өсүп, 90 миллиард теңгеден ашты. Саякатчылардын
агымы менен катар инвесторлордун салымы да өсүүдө. Бул тармакка 4 айдын ичинде
эле 40 миллиард теңгеден ашык инвестиция багытталган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

