Түркмөнстанда
Кенар терминалынын жаңы деңиз причалы ачылды. Анын кубаттуулугу жылына эки
миллион тоннадан ашык жүктү жөнөтүүгө жана бир миллион тоннадан ашык мунай жана
мунай өнүмдөрүн кабыл алууга ылайыкталган. Белгилей кетсек, бул стратегиялык
объект Түркмөнбашы мунайды кайра иштетүүчү заводдор комплексинин курамына
кирет. Жаңы деңиз пирси заманбап талаптарга жооп берет жана бир эле учурда эки
танкерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Ал Борбордук Азия өлкөсүнүн экспорттук
мүмкүнчүлүктөрүн бир топ жогорулатат, логистикалык операциялардын
үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыздайт, транзиттик кызматтардын спектрин
кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле республиканын инвестициялык
тартымдуулугун жогорулатат. Объект деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн Эл аралык
экономикалык форумунун алкагында маанилүү роль ойнойт деп күтүлүүдө. Иш-чара
Түркмөнстанда баш оона айында өтөт.
Дмитрий
Гоголь, «PETRO GAS LLP» компаниясынын Түркмөнстандагы филиалынын мүдүрү:
- Бул объектини долбоорлоо жана куруу учурунда эң
заманбап жана алдыңкы технологиялар колдонулган. Атап айтканда,
автоматташтырылган башкаруу системасы сыяктуу компаниялар үчүн жабдуулар жана
программалык камсыздоо колдонулган.
Амангельди Бердиев, «Түркмөн мунай» мамлекеттик концернинин инженер-технологу
- Жаңы
причалдын пайдаланууга берилиши 1- жана 2-причалдар аркылуу чет өлкөгө мунай
өнүмдөрүн үзгүлтүксүз жана коопсуз жүктөөнү камсыз кылат, аларды жаңылоого
кезектешип чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет, куюлуучу причалдардын өндүрүштүк
кубаттуулугун көбөйтөт, транзиттик ташуу боюнча кызматтарды аткарууга мүмкүндүк
берет, ошондой эле кошумча киреше алууну камсыз кылат.
Алдаяр Мамметоразов, мунай сактоо жана жүктөп
жөнөтүү насостук куруу заводунун машинист:
- Бул технологиялык объектинин ишке кириши өтө маанилүү – ал импорттук мунай заттарынын логистикасын тездетип, жоготууларды азайтып, эл аралык рынокторго экспорттук жеткирүүлөрдү ишенимдүү камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

