Казакстанда жарым жылдыкта бир миллион 200 миң тонна кымыз даярдалды. Бул 2022-жылдын үчтүн айы-кулжа айларына салыштырмалуу 56%га көп. Адистердин айтымында, бээнин сүтүн кайра иштетүүнүн көлөмү көбөйгөндүктөн, улуттук суусундукту өндүрүү да жыл сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда Казакстандын дагы бир улуттук суусундугу Шубаттын өндүрүшүндө кайра иштетүүнүн оң тенденциясы байкалат. Маселен, төөнүн сүтүн өндүрүү биринчи жарым жылдыкта 1,5 миң тоннаны түздү. 2022-жылдын үчтүн айы-кулжа айларына салыштырмалуу өсүш 13%ды түзгөн. Белгилей кетсек, Казакстанда даярдалган кымыз, саамал, шубат алыскы чет мамлекеттерге жеткирилет. Өнүмдөр негизинен Орусия, Кытай, Түркия, Германия, Францияга экспорттолот.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков