Жаңы Конституция инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтөт

Жаңы Конституция инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтөт

«Астана» эл аралык каржы борбору аркылуу Казакстанга 25 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды. Өлкөнүн инвестициялык тартымдуулугун мындан ары чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү борбордо Евразия арбитраж жумалыгынын аянтчасында талкууланды. Ага катышуу үчүн Улуу Британия, АКШ, Франция, Италия, Германия жана башка мамлекеттерден 600гө жакын делегат келди. Катышуучулар белгилегендей, бизнес жана инвесторлор тарабынан ишенимдин негизги факторлорунун бири болуп, АЭКБ Соту жана Эл аралык арбитраж борбору тарабынан камсыздалган укуктарын ишенимдүү коргоо бойдон калууда. 8,5 жыл ичинде алар 40тан ашык өлкөнүн компанияларынын катышуусунда 5 миңге жакын талаш-тартышты карашкан. Мындан тышкары, инвесторлордун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиги болуп, болжолдуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылган жаңы Конституция саналат.


Кабир Дуггал, Нью-Йорктогу Колумбия университетинин юридикалык мектебинин профессору:


Казакстан сыяктуу өлкөнүн артыкчылыктарынын бири – бул анын географиялык жайгашуусу, жаратылыш ресурстары жана тарыхы, алар Борбордук Азия аймагында да, бүткүл Евразияда да маанилүү роль ойноого мүмкүндүк берет. Ал эми мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү Конституция деңгээлинде кеңейтүү сыяктуу кадамдар Казакстанды инвестициялар үчүн дагы жагымдуу кылып, бизнес климатты жакшыртат.


Кристофер Кэмпбелл-Холт, ЭАБ жана АЭКБ сотторунун аппарат жетекчиси жана каттоочусу:


Бизде буга чейин соттор жана арбитраждык борборлор үчүн маанилүү болгон автоматтык транскрипция системасы иштеп жатат, ал текстти ар кандай тилдерде көрсөтөт. Быйыл e-Justice системасы жаңыртылат, андан кийин эрте нейтралдуу баалоо процедурасы киргизилет. Мунун баары Казакстанда өзгөчө көңүл бурулуп жаткан жасалма интеллекттин мыкты мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга негизделген.


Которгон: Илгиз Жамалбеков