Нургуль Тау, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Мыйзам долбоору чыгармачылык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартибин
андан ары жөнгө салууга багытталган. «Креативдүү индустрия кызматкери» жана «Креативдүү
индустрия субъекттеринин реестри» түшүнүктөрү киргизилүүдө. Маданият жана
маалымат министрлигинин чыгармачыл индустриялар чөйрөсүндөгү долбоорлорго жеке
инвестицияларды тартуу мониторингин жүргүзүү боюнча укук белгиленген.
Акимчиликтерге креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү ишкердикти өнүктүрүү
аркылуу таланттарды өз алдынча ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
боюнча укук берилет. Чыгармачылык эркиндиги жана кесиптик өнүгүү максатында
чыгармачыл индустрия кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча ченемдер
каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

