Казакстанда көмүр химиясын өнүктүрүү дарамети

Казакстанда көмүр химия борборун түзүү пландалууда. Анда катуу отунду терең иштетүүгө байланыштуу жаңы долбоорлор колго алынат. Башкача айтканда, ата мекендик химия өнөр жайын өнүктүрөт. Бул тармакты илимий изилдөө менен алектенген республикадагы жалгыз институттун базасында ачуу пландалууда. Бугүнку күндө институттун курамы көмүрдү электр энергиясы менен жылуулуктун булагынан тышкары өндүрүш жагынан керекке жаратуунун жаңы ыкмаларын  сынап жатышат.

Болат Ермагамбетов, көмүр химиясы жана технологиясы институтунун мүдүрү:

-Көмүрдөн айыл чарба өсүмдүктөрү, дан эгиндери жана жемиштер үчүн органикалык жер семирткичтерди алууга болот. Азыр алардын илимий негиздерин иштеп чыгып, ишке ашырууга даярдап жатабыз. Дары-дармектердин бир нече түрлөрү сыноодон өткөрүлдү. Жаныбарлардын, жылкы, уй жана койлордун иммунитетин жогорулатып, ооруларга туруктуулугун жогорулатат.

Адистер көмүрдөн 400дөн ашык өнүм алууга болорун айтышууда. Алдыңкы  технология менен иштетилип, байытылган даяр өнүмдүн наркы да 20—25 эсеге кымбаттайт.  Бул үчүн өлкөдө чийки заттын кору жетиштүү. Адистердин айтымында, жер казынасында 34 миллиард тонна иштетилбеген көмүр бар. Бул көрсөткүч боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет. Адистер бул чйики зат кору кеминде 300 жылга жетет деп болжолдошууда.

Ержан Елекеев, «KAZAKH INVEST» УК башкарма төрагасы:

-Көмүр химиясын өнүктүрсөк, өлкөбүзгө 25-30 миллиард доллар тартууга болот. Маселен, стратегиялык жактан карап, бул багытта алдыңкы компаниялар же өлкөлөр менен иштешүү маанилүү. Ошол эле маалда АКШнын бир топ тажрыйбасы бар. Алар өнөр жайына көп инвестиция салышат. Ошондой эле кошунабыз Кытай жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөр алдыңкы катарда келет. Келерки жылы Казакстанда инвестициялык долбоорлорду баштоо боюнча белгилүү компаниялар менен конкреттүү келишимдер түзүлөт деп ойлойм.

Быйылкы жылдын 4 айында эле Казакстанда 36 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрүлгөн. Анын 6 жарым миллион тоннасы экспорттолду. Ата мекендик катуу отунду негизинен Орусия, Латвия, Польша, Израиль, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттери импорттойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков