Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүү үчүн учактарга
керек болгон авариялык жабдууларды: дрондорду жана суу чачыраткычтарды алып
келет. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыкты. Бүгүнкү күндө өлкөнүн
куткаруучуларында 27 дрон бар. Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 12 абадан суу
чачыраткыч кызмат кылат. Жалпы учак паркы 34 көп максаттуу учактан турат.
Быйылкы жылы катталган талаа жана токой өрттөрү алардын саны жетишсиз экенин
көрсөттү. Ошондуктан министрликте атайын аппараттар менен камсыздоо боюнча кошумча
чаралар көрүлүүдө.
Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
-Министрликтин учактары үчүн 71 дрон жана 5 суу жаадыргыч сатып алуу үчүн өкмөттүн резервинен 633 миллион теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Кошумча жабдууларды сатып алуу табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракет көрүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков