Казакстандын эт багытындагы мал чарбачылыгы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө, ал
эми тармактын негизги жетишкендиктеринин бири катары казак ак баш бодо мал
тукумунун өнүгүшү эсептелет. Анын саны акыркы он жылда дээрлик 10 эсеге
көбөйүп, 700-800 миң башты түздү. Серепчилердин белгилөөсүндө, мындай
жыйынтыкка мамлекеттик колдоо, заманбап селекция ыкмалары жана жаңы технологияларды
киргизүү өбөлгө түзөт. «Qazaq Aqbas» активдүү өсүштүн жаңы мезгилин башынан
кечирип, Казакстанда эт багытындагы бодо малдын эң көп санына ээ тукум бойдон
калууда. Эттин сапатынан улам, бул тукум чет элдик өнөктөштөрдүн кызыгуусун
жаратууда. Мында жалаң гана жаныбарлар эмес, генетикалык материал
да талап кылынат. Орусия,
Монголия, Кыргызстан жана Өзбекстан кызыгуусун билдиришүүдө. Ондогон жылдар бою
өлкө боюнча жүргүзүлгөн масштабдуу селекциялык иштер, ошондой эле казак ак баш породасынын эл аралык деңгээлде азыркы таанылышы тууралуу
Астанада өткөн «Qazaq Aqbas - Улуттук
байлык» китебинин бет ачарында айтылды. Адистердин айтымында, тукумдун 75 жылдыгына арналган бул басылманы илимий эмгек гана
эмес, казак малчылыгынын кылымдарды карыткан салттарына урмат көрсөтүү катары
да эсептөөгө болот.
Куаныш Сулейменов,
«Казак ак баш тукумунун
республикалык палатасы» мүдүрлөр кеңешинин көз карандысыз
мүчөсү:
– Казак ак баш тукумунун алкагында бүгүнкү күндө келишимдерди түздүк, акыркы 7 жылдан бери канадалык «ВайтЭли» компаниясы менен иштешип келебиз. Биз 12ден ашык атайын жабдылган технологияларды алып келип, чарбага орноттук жана казак ак баш бодо малын мыкты асыл тукумдарын, букаларын тандап жатабыз. Кургак тоюттун калдыгы боюнча казак ак баш тукуму дүйнөдөгү эң мыкты 5 тукумдун катарына кирди. Эң мыкты букалар боюнча бүгүнкү күндө казак ак башынын эки букасы дүйнөлүк топ-150 буканын катарына кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

