Жаңы Конституция Казакстанга болгон ишенимди арттырат

Жаңы Конституция Казакстанга болгон ишенимди арттырат

Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору эл аралык коомчулуктун назарында. Бүгүнкү күндө чет элдик ЖМКлар жана серепчилер Баш мыйзамдын текстин талкуулашууда. Мисалы, Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу мүдүрү Михаэль Хармс сунушталып жаткан нормалар өлкөдөгү ишкердик чөйрөнүн болжолдуулугун арттырып, аны инвесторлор үчүн түшүнүктүү кылат деп эсептейт. Ал эми бул эрежелердин конституциялык деңгээлде бекитилиши тандалган багыттын ырааттуулугун көрсөтөт. Ошондой эле, талдоочу эл аралык бизнес үчүн бул принциптердин ачыктыгы жана алардын узак мөөнөттүү туруктуулугу чечүүчү фактор болуп кала берерин белгиледи. Бул рынокко болгон ишенимди калыптандырат жана инвестициялардын агымын көбөйтүүгө жаңы дем берет.


Михаэль Хармс, Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу мүдүрү:

- Менимче, ар бир мамлекеттин негизги милдеттеринин бири – инвестициялык климатты туруктуу өнүктүрүү. Айрыкча, бизнес үчүн болжолдуулукту камсыз кылуу өтө маанилүү. Казакстан акыркы жылдары өлкөдөгү ишкердик климатты жакшыртты, Казакстандын президенти бул багытта системалуу ишти улантып келет. Ал эми сунушталып жаткан чаралар да өлкө Өкмөтүнүн ушул жалпы максатына жетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем.

¤

Европа парламентинин депутаты Вилис Криштопанс мамлекетте бир палаталуу парламент, тагыраак айтканда Курултай системасын киргизүү – өз убагында негиздүү демилге деп эсептейт. Бул мыйзам кабыл алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Ал жаңы Баш мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан башка дагы жаңылыктарды оң баалады. Буга байланыштуу вице-президент кызматын киргизүү, ошондой эле өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү сунушту өзгөчө белгиледи.


Вилис Криштопанс, Европа парламентинин депутаты:


- Бир палаталуу парламент түзүү табылган чечим. Бүгүнкүдөй тез өнүккөн заманда мыйзамдар да ошого жараша тез кабыл алынышы керек. Бул иш кагаздарын азайтат. Элдик Кеңеш киргизүү пландаштырылууда. Бул да демократиянын бир бөлүгү. Эң башкысы - референдум. Жалган куран айынын 15де референдум өтсө, бул өлкө ийгилиги үчүн тагдыр чечүүчү чечимдер түздөн-түз элдин катышуусу менен кабыл алынаарын айгинелейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков