Казакстанда масштабдуу суу реформасы уланууда. Өлкөдө
жаңы суу сактагычтарды куруу жана учурдагыларын модернизациялоо пландалып жатат.
Жалпысынан 11 объектиде иштер жүргүзүлөт. 151 сугат каналы реконструкцияланат
жана капиталдык оңдолот. Долбоорлорду ишке ашырууда Ислам өнүктүрүү банкы
колдоо көрсөтөт. Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов эл
аралык каржы уюмунун президенти Мухаммад Сулейман Аль-Джассер менен кызматташуу
боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы демилгелердин
ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдирип, Казакстандын суу чарба
инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлору банктын башка өнөктөш өлкөлөрү
үчүн үлгү боло аларын баса белгиледи.
Нуржан
Нуржигитов, суу ресурстары жана ирригация министри:
– Бүгүнкү күнгө карата Казакстан, биздин министрлик жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын аркасында, аткарылып жаткан иштердин көлөмү чоң экендигин жана Мамлекет башчысы менен Өкмөт койгон милдеттер аткарылаарын көрүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

