2028-жылга чейин Казакстанда калдыктарды энергетикалык жол менен иштетүүчү
заводдорду ишке киргизүү пландалууда. Ишканалар Астана, Алматы жана Шымкент
шаарларында пайда болот. Инвестициянын жалпы көлөмү 300 миллиард теңгеге жакын.
Долбоорлорду ишке ашыруу заманбап технологияларды колдонуу менен электр
энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Астанада өткөн X
Евразиялык [Грин Э́нержи энд Уэ́йст Риса́йклиң] «Green Energy & Waste
Recycling» бизнес-форумунда экология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин
өкүлдөрү билдиришти. Мааракелик аянтча Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнөн
келген мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес жана серепчилик коомчулуктун
өкүлдөрүн бириктирди. Өлкөдө тармакты өнүктүрүү үчүн жалпы суммасы дээрлик 374
миллиард теңге болгон 68 долбоор жактырылды. Алар иргеп алуу жана кайра иштетүү
комплекстерин куруу жана модернизациялоо, ошондой эле атайын техникаларды
жаңыртууну камтыйт. Профилдик мекеме калдыктарды башкаруу тутумун толугу менен
санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири деп атады.
Руслан Тукенов, Экология
жана жаратылыш ресурстары министрлигинин департамент мүдүрү:
– Мамлекет башчысы үч жылдын ичинде өлкөнү санариптештирүү боюнча милдет койду. Бул багытта биз «Жашыл өнүгүү» мекемесинин базасында калдыктарды башкаруу боюнча улуттук операторду түздүк. Ал калдыктарды башкаруу системасын толугу менен санариптештирет. Биз бул багытта иш алып барып жатабыз. Онлайн режиминде калдыктардын пайда болушунан баштап утилизациясына чейин, жалпы инфраструктуралык кубаттуулуктарды көрүүнү, бул маалыматтардын негизинде келечекте кандайдыр бир башкаруу чечимдерин кабыл алууну каалайбыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

