Кытайда өткөн Alatau City Roadshow жыйынтыгында кытайлык инвесторлор менен дээрлик 6,5 миллиард долларлык 30 келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Казакстандын Президентине Премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев билдирди. Казакстандын «келечектин шаарынын» инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде тааныштыруу алкагында жалпысынан 20 жолугушуу өткөрүлүп, анын ичинде Шэньчжэнь жана Гонконг шаарларынын бийлик өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Касым-Жомарт Токаевге суу ресурстары тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде жаңы суу сактагычтарды куруу боюнча да маалымат берилди. Мындан тышкары, энергетика жана коммуналдык секторлорду модернизациялоо боюнча улуттук долбоордун аткарылышы каралды. Бул жылы инфраструктураны жаңылоого рекорддук 1 триллион теңгеден ашык каражат багытталат. Мамлекет башчысы бул долбоорлорго ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү тартууну, ошондой эле Алатау шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө зарыл каражат бөлүү тапшырмасын берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

