БУУ Астанада өткөн аймактык экологиялык саммиттин уюштурулушуна жогору баа берди

БУУ Астанада өткөн аймактык экологиялык саммиттин уюштурулушуна жогору баа берди

Казакстандын Президенти Аккордада Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку өкүлдөрүнүн тобу менен жолугушуу өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев Уюмга Регионалдык экологиялык саммитти даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарынын тартыштыгы сыяктуу чакырыктарга жооп берүү боюнча координацияланган аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун универсалдуу эл аралык платформа катары ролу өтө маанилүү. Уюмдун өкүлдөрү өз кезегинде саммиттин өткөрүлүшүн жана Касым-Жомарт Токаевдин пленардык жыйында айткан Казакстандын демилгелерин жогору баалашты. Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун колдоосу астында Эл аралык суу уюмун түзүү демилгесин колдой турганын ырастады. Ошондой эле Алматыдагы Борбор Азия жана Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча БУУ аймактык борборунун регионалдык өз ара аракеттенүүнүн негизги аянтчасы катары маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында президент өлкөнүн БУУ системасы менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков