К.Токаев Олимпиаданын чемпиону М.Шайдоровду сыйлады

К.Токаев Олимпиаданын чемпиону М.Шайдоровду сыйлады

Акордада Кышкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Михаил Шайдоровду жана анын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү. Касым-Жомарт Токаев салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Казакстан үчүн бул Олимпиаданын орду өзгөчө экенин айтты. Мамлекет башчысы Михаил Шайдоровдун жеңиши өлкө үчүн теңдеши жок жетишкендик деп эсептелерине көңүл бурду. Эскерте кетсек, спортчу жакында Италияда өткөн олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча алтын медалга ээ болуп, Казакстандын көк туусун Олимп чокусуна көтөрдү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

 – Элибиз Михаил менен сыймыктанат, ал жаш муундар үчүн үлгү. Олимпиаданын жеңүүчүсү болуу – бийик максат жолунда ар кандай кыйынчылыкты жеңүү, узак жана татаал жолго даяр болуу дегенди билдирет. Биринчиден, бул – көптөн күткөн, 32 жылдан кийин кол жеткизилген тарыхый байге. Экинчиден, бул – көркөм муз тебүүдөн өлкө казынасына түшкөн алгачкы Олимпиада алтыны. Үчүнчүдөн, бүткүл дүйнө элибизде атактуу спортчу Денис Тендин жолун уланта турган таланттуу жаштардын бар экенине күбө болду.

Президент машыктыруучулардын эмгегин өзгөчө белгилеп, алардын ийгиликке жетүүдөгү зор салымын баса белгиледи. Олимпиада чемпиону дагы мамлекет башчысына жана казакстандыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Михаил Шайдоров, олимпиада чемпиону:


– Олимпиадалык алтын медаль мен үчүн финал эмес. Алдыда менин өлкөм үчүн жоопкерчилик менен өткүм келген, жаш муунга үлгү болуп өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө даңктай бергим келген узун жол бар. Рахмат сизге! Сүйүктүү өлкөм – Казакстанга сыймыктануу менен кызмат кылам!

Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Михаил Шайдоров ІІ даражадагы «Барыс» ордени менен сыйланды, ал эми машыктыруучулар ІІ даражадагы «Достук» ордени жана «Курмет» ордени менен сыйланышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков