Казакстандык куткаруучулар Ооганстанга жардам көрсөтүүнү улантышууда

Казакстандык куткаруучулар Ооганстанга жардам көрсөтүүнү улантышууда

Казакстандын куткаруучулары Ооганстандагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүүнү улантууда. Бүгүнкү күндө алар 3 конуштагы талкаланган үйлөрдү текшерип чыгышты. Мисалы, зилзала очогу Наиброфи калктуу-конушунда эле 400дөн ашык участокту жөө кыдырып, кыйраган 200дөн ашык курулуш имаратты карап чыгышты. Ата мекендик куткаруучулар ооган тарап менен биргеликте урандыга айланган Сияхан жана Чолк айылдарын тазалоого катышты. Жер титирөөлөрдүн көптүгүнө байланыштуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командасы азыр Герат шаарына жөнөп кетти. Жалпысынан казакстандык куткаруучулар жергиликтүү 80 тургунга медициналык жардам көрсөтүштү. Алардын арасында балдар да бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков