Евробиримдик менен Казакстандын кызматташтыгы

Евробиримдик менен Казакстандын кызматташтыгы

Евробиримдик менен Казакстан ишенимдүү өнөктөштөр. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррель Казакстандын президенти менен жолугушуусунда билдирди. Касым-Жомарт Токаев Жозеп Боррельге ыраазычылыгын билдирип, анын Астанага сапары Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелерди чыңдоо жагынан абдан маанилүү экенин белгиледи. Өз кезегинде Жозеп Боррель Астана менен Брюсселдин ортосундагы мамилелер тездик менен өнүгүп жатканын билдирди. Жогорку даражадагы конок Казакстанды ачык, инклюзивдик жана демократиялуу өлкөгө айландыруу багытындагы реформаларга оң баасын берди. Жолугушууда Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары чыңдоо келечектери талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков