Казакстанда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө 6
миллиард теңге жумшалат. Бул мурунку жылдардагыдан дээрлик үч эсеге көп. Бул
тууралуу тармактык мекеменин өкүлдөрү Мажилис комитетинин жыйынында билдиришти.
Анда спорттун улуттук түрлөрүн каржылоону ошондой эле Олимпиадалык жана
Паралимпиадалык оюндар менен катар артыкчылыктуу катары киргизүүнү көздөгөн
мыйзам долбоору каралды. Белгилей кетсек, өлкөдө спорттун 11 улуттук түрү
расмий катталган. Алар менен 700 миңдей казакстандык туруктуу түрдө алектенип
келет. 17 клуб, 15 спорт мектеби жана бир республикалык дирекция иштейт. Серепчилердин
айтымында, Казакстан Астанадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук байлык
катары оюндардын ар түрдүүлүгүн жана өзгөчөлүктөрүн көрсөтө алды.
Серик Жарасбаев, Туризм жана спорт
вице-министр:
- Жакында
эле мажилистин дубалдарында дене тарбия жана спорт боюнча мыйзам долбоору каралды, анда улуттук спорт
түрлөрү учурда өзгөчө категорияга бөлүнгөн, бул спорттун артыкчылыктуу түрлөрү
болуп саналат. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен бизде чоң үмүттөр
бар. Спорттун улуттук түрлөрүнө мындан ары да каржылоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө
көңүл буруу таптакыр – жогорку деңгээлде болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

